Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:48

Рим папасы ирактык качкындарга көңүл бурууга чакырды


Рим-католик чиркөөсүнүн папасы Франциск
Рим-католик чиркөөсүнүн папасы Франциск

Папа Франциск Рождествонун түнүн утурлай Ирактын Ирбил шаарындагы качкындар менен телефон аркылуу сүйлөштү. 1 миллиарддан ашуун католик дүйнөсүнүн лидери 24-декабрда Анкава лагериндеги качкындарга телефон чалды.

78 жаштагы понтифик “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун зордугунан коркуп качкандарды “алар да Исус Христос сыяктуу жай жок калгандыктан учуп чыгышты” деп салыштырды. Багдаддагы патриарх Льюис Сако журналисттерге 150 миңден ашуун ирактык христиандар радикал топ басып алгандан кийин үй-жайын таштап качып чыгышканын айтты. Папа Франциск качкындарга “сезимтал” жана “жылуу мамиле” жасоого чакырды.

XS
SM
MD
LG