Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Рим Папасы диний азчылыктарга куугунтукту токтотууга чакырды


Рим Папасы Франциск бейшембиде Рождествого арналган салттуу кайрылуусунда согуш болуп жаткан бардык жерлерде тынчтыкты орнотууга чакырды. “Бул майрам учурунда абдан көп көз жаш агып” деп билдирди понтифик Ватикандагы Ыйык Петр чиркөөсүнүн алдына чогулгандарга.

Өз кайрылуусунда понтифик израил-палестин чатагы, Украина, Ирак, Сириядагы жана башка Африка өлкөлөрүндөгү жаңжалды эскертип, дүйнөгө тынчтык каалады.

Ошондой эле Рим Папасы Жакынкы Чыгыштагы диний азчылыктарга куугунтукту сынга алды. Франциск жакындагы Пакистандын Пешавар аймагындагы 140тан ашык окуучунун өмүрүн алган чабуулду эске салып, балдарга зордук-зомбулукту токтотууга үндөдү.

78 жаштагы понтифик бул жылкы кайрылуусунда миңдеген адамдардын өмүрүн алган Эбола вирусу боюнча маселени да унутта калтырган жок.

XS
SM
MD
LG