Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:36

Чек аралаш аймактар санарип берүүгө июнь айына чейин өтүүгө тийиш


Бул тууралуу “Азаттыкка” маданият, маалымат жана туризм министринин орунбасары Айнура Темирбекова билдирди. Анын айтымында, коңшу өлкөлөр менен чектешкен аймактар санарип телеберүүгө 2015-жылдын 17-июнуна чейин өтүшү керек. Калган аймактар баскыч-баскыч боюнча жыл соңуна чейин санарипке өткөрүлөт.

Кыргызстан 2015-жылдын июнь айында санариптик берүү форматына толук өтүү боюнча 2006-жылы Женевада эл аралык электр байланышы боюнча союздун келишимине кол койгон. Казакстан санарипке 2012-жылы өтсө, Өзбекстан 2015-жылга чейин өтүү аракетинде. Ал эми Орусия санарипке 2010-жылы өткөн. (UEz)

XS
SM
MD
LG