27-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 3…8 градус жылуу;
Таласта түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7;
Баткенде түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;
Нарында түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-28, күндүз -7…-12 градус болот.
27-декабрда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 5…7° суук, күндүзгү жогорку температурасы 6…8° жылуу болот.