2004-жылы 26-декабрда Тынч океанда жер титирөөдөн пайда болгон цунами Индонезия, Шри-Ланка, Таиланд жана башка өлкөлөрдө 200 миңден ашуун адамдын өмүрүн жалмаган. 1 миллиондон ашуун адам там-жайсыз калган. Зилзаланын очогу Индонезиянын Аче провинциясында ондогон кыштактар тыйпыл болуп, картадан өчкөн. 168 миң адамдын өмүрү кыйылган.
Таиландда 5300 адам өлсө, алардын жарымы чет элдик туристтер эле. Шри-Ланкада цунами поездде бараткан 1400дөн көп адамдын өмүрүн жалмаган.
Таиланддын байтакты Бангкоктогу эскерүү зыяпатына 30дан көп өлкөнүн өкүлдөрү, анын ичинде БУУнун Чукул кырдаалдар боюнча координатору Валери Амос жана 2004-жылкы топон сууда аман калган чехиялык модел Петра Немцова катышты.
Аче провинциясынын борбору Аче-Бандаджагы мечитте маркумдарга арнап кутпа окулду. Боордоштор көрүстөнүндөгү эскерүү аземине Индонезиянын вице-президенти Юсуф Калла баштаган жетекчилер катышты.
Түштүк Таиланддагы балыкчылардын Бан Нам Хем кыштагындагы курмандыктардын аты жазылган меморалдык дубалга гүлчамбарлар коюлду.