Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:11

Атамбаев: Кадыралиев жакын арада кармалышы керек


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев “Ала-Арча” резиденциясында өткөн маалымат жыйынында билдирди.

“Канжар Кадыралиев боюнча министр Мелис Турганбаевге тапшырма бердим, ал жакын арада кармалышы керек”,- деди президент.

Жакында эле өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсү Канжар Кадыралиев башында турган топтун карактоосуна кабылганын коомчулукка жар салган. “Азаттык” бул маалымат боюнча Өзгөнгө барып, ал жерде Кадыралиевди “өкүмзордук жасап жатат” деген башка айылдаштарынын да пикирлерин жарыялаган. Иликтөө эфирге чыккандан кийин мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кадыралиевге байланышкан маселени текшерүү боюнча буйрук бергени маалым болгон.

Кадыралиевдин үстүнөн башка дагы жарандардан арыз түшүп, мындан соң Башкы прокуратура Кадыралиевге бейбаштык, опузалоо жана өзүмбилемдик беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон.

Ош шаардык соту аны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган. Ошондон бери бир айга жакын убакыт өтсө да, Кадыралиев кармалбай жатат. Кадыралиевге Интерпол аркылуу да издөө салынууда.

Кадыралиев Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы. Кадыралиева агасына козголгон ишти саясий атаандаштарынан көрүп келет. (МТо)

XS
SM
MD
LG