27-29-декабрда жаан-чачынга баайланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы жолдорунда: Бишкек-Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90, 145-150-чакырымдары), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары), Казарман-Акталчат (67-94-Кара-Гөө ашуусу) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
28-декабрда абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -3...2, күндүз 7...12
Таласта түнкүсүн -3...-8, күндүз 7...12
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -2...3, күндүз 7...12
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 4...9
Нарында түнкүсүн -17...-22, күндүз -4...-9
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -23...-28, күндүз -8...-13
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын температурасы, түнкүсүн -1…1, күндүз 10…12° жылуу болот.