Бул тууралуу “Мутакалим” коомдук фондунун төрайымы Жамал Фронтбек кызы “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аялдар насыя акча алып баштаган ишин аягына чыгара албай, баткан карызынан кутулуу үчүн Сирияга азгырылган учурлар кездешет. Жамал Фронтбек кызы элет жериндеги аялдарга Сирия азгырыгы, диний радикализмдин коркунучу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл деп эсептейт. Анын пикиринде, муфтияттагы аялдар менен иштөө бөлүмүн кайра калыбына келтирүү керек.
Муфтияттын алдындагы аялдар менен иштөө бөлүмү быйылжоюлуп кеткен.
Жалпысынан Кыргызстандан Сириядагы согушка кеткен жарандардын саны 200 чамалуу. Алардын арасында аялдар да бар экени айтылып келет.