Учурда бир нече күбө окуя боюнча көрсөтмө берди. Каракчылардын биринин фотороботу түзүлүп, жаш курагы 30-35терде экени болжолдонууда.
27-декабрда беткапчан жана куралчан белгисиз адамдар Ош шаардык аэропортунун VIP-залынан бир кишини беш сумкасы менен кошо алып кетишкен. Уурдалган адамдын колундагы беш баштыкта 5 миллион 679 миң доллар болгону тергөөдө маалым болду.