Линктер

дүйшөмбү, 26-июнь, 2017 Бишкек убактысы 02:49

Парламентте АКШга элчиликке сунушталып жаткан Кадыр Токтогуловдун талапкерлиги каралат


Жогорку Кеңештин эл аралык мамилелер комитети бүгүн АКШ жана Канадага Кыргызстандан ыйгарым укуктуу элчиси болууга сунушталып жаткан Кадыр Токтогуловдун талапкерлигин карайт.

Президент элчини кызматка дайындоосу үчүн парламент комитетинин макулдугу керек.

Өлкөнүн АКШдагы азыркы элчиси Мухтар Жумалиевдин кызмат мөөнөтү аяктады. 34 жаштагы Кадыр Токтогулов 2012-жылдан бери Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы болуп иштеп келет. Ага чейин бир катар жергиликтүү жана эл аралык маалымат агенттиктеринде кабарчы болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG