Америкадагы Тынчтык фонду дүйнө жүзүндөгү туруктуулук боюнча жылдык баяндамасын жарыялады. Анда Кыргызстан 58-орунду ээлеп, туруктуулук кооптуу абалда турган өлкөлөрдүн катарынан орун алды. Бул былтыркыга караганда 10 позицияга жакшырганын билдирет. Былтыр 48-орунду ээлеген.
АКШдагы Тынчтык фонду жарыялаган рейтингде дүйнөдөгү 178 өлкөдөгү туруктуулуктун деңгээли өлчөнгөн. Тынчтык фонду бул рейтингди 2005-жылдан бери жарыялап келет. Анда 12 критерийдин негизинде
өлкөдөгү туруктуулуктун абалы ченелет. Алар өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышы, экономикалык абалы, кылмыштуулук жана коррупциянын деңгээли ж.б.
Бул рейтингде алдыңкы орунду ээлегендер эң туруксуз, жок болчу абалдагы өлкөлөр катары сыпатталса, акыркы баскычтагы стабилдүү, туруктуу өнүгүү жолундагы мамлекет катары эсептелет. Быйыл Финляндия 178-орунда болуп, эң стабилдүү өлкө деп табылса, Түштүк Судан, Сомали сыяктуу өлкөлөр жок болуп бара жаткан мамлекет катары көрсөтүлгөн. (TSh/BkA)