Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

Ошто ири суммадагы акча менен кошо уурдалган адам табылды


Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, уурдалган адам "Асман-Тур" фирмасынын Руслан аттуу кызматкери. Аны акчасы менен уурдаган адамдар Араван районунун аймагына таштап кетишкен. Уурдалган адамдын акыбалы жакшы жана ал учурда сурак берип жатат.

27-декабрда артында "спецназ" деген жазуусу бар кара кийимчен, курал көтөргөн беш адам Ош аэропортунан Ош-Үрүмчү аба каттамына жүктөрдү даярдап жаткандарды сабап, алардын бирин уурдап кеткен. Тергөөдө уурдалган адамдын колундагы беш баштыкта 5 миллион 679 миң доллар болгону маалым болгон.

XS
SM
MD
LG