Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Бишкектик укук коргоочу “Азатлыг” үналгысын колдоп чыкты


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров. 29-декабрь, 2014-жыл
Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров. 29-декабрь, 2014-жыл

Азербайжандын Кыргызстандагы элчилигин алдына укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Эркин Европа/Азаттык үналгысынын Бакудагы бюросун колдогон акция өткөрдү. Ал колуна “Азатлыг” биз силер менен” деген баракча кармап, "Азербайжан бийлиги мындай мамилеңер менен башкаларга үлгү көрсөтпөгүлө" деп кыйкырып турду. Аталган элчиликтен өкүлдөр чыккан жок.

Жума күнү Азербайжандын Башкы прокуратурасы “Азадлыгдын” Баку бюросун тинтүүгө алып, андан соң кеңсени жаап кеткен. Кеңсенин мөөрү, мекеменин документтери, компьютерлер жана башка жабдыктар тартылып алынган. Башкы прокуратура өкүлдөрү тинтүү сырттан каражат алган коммерциялык эмес уюм катары “Азадлыгдын” ишмердүүлүгүн иликтөөнүн алкагында жүрүп жатканын айтышкан.

Эркин Европа/Азаттык үналгысынын Бакудагы бюросунда иштеген 12 кызматкер 28-декабрь күнү бийлик тарабынан кармалып, кайра кое берилген. Аларды суракка тартуу учурунда адвокат алууга мүмкүнчүлүк берилген эмес. Төрт кызматкер ишемби күнү суракка чакырылган болчу, калган сегизине дүйшөмбүдө суракка келишпесе, күч менен алып келинери эскертилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG