Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:04

Навальныйдын сот өкүмү 30-декабрга которулду


Алексей Навальный жана иниси Олег сотто. 19-декабрь, 2014-жыл.
Алексей Навальный жана иниси Олег сотто. 19-декабрь, 2014-жыл.

Москва сотунун 29-декабрдагы чукул жарыясы оппозициячыл саясатчыга өкүм чыгарылуучу мөөнөт алдыга жылды дегенди билдирет. Анткени, соттун акыркы олтурумунда өкүм 15-январда окулары айтылган болчу жана Навальныйдын жактоочулары ал күнү саясий нааразылык акциясын уюштурууну мерчемдеп жатышкан.

Москва сотунун 29-декабрдагы жарыясынан бир нече саат ичинде 30-декабрда Кремлдин жанындагы митингке катышуу ниетин “Фейсбук” социалдык түйүнү аркылуу 4000ден ашуун киши билдирди.

Навальныйдын өзү жана жактоочулары ага коюлган айыптардын саясий жүйөөсү бар деп эсептешет.

Оппозициячыл саясатчы француз косметикалык компаниясынын Орусиядагы бөлүмүнөн 31 миллион рубль (520 000 АКШ доллары) уурдаган деп айыпталууда.

Буга дейре жыгач иштетүүчү мамлекеттик компаниядан да акча уурдады деген айып менен беш жылга шарттуу соттолгон.

Бул эки кылмыш иши бириктирилгенде быйыл февралдан бери үй камагында олтурган Алексей Навальный 10 жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн.

Акыркы кылмыш иши боюнча анын бир тууганы Олег Навальный да соттолуп жатат.

Алексей Навальный кезинде коомчулукка Орусиянын жогорку бийлик чөйрөлөрүндөгү же аларга жакын адамдардын коррупциялык иштерин ашкерелөө менен таанылган. Президенттик шайлоого катышуу ниети бардыгын билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG