Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Магнитскийдин “кара" тизмесине дагы төрт киши кошулду


АКШнын Каржы министрлиги 29-декабрда Магнитскийдин өлүмүнө тиешеси бар делген дагы төрт кишини “кара тизмеге” киргизди. Алардын ичинен экөө күч кызматкерлери. 2012-жылы Магнитскийдин айыптоочусу Виктор Грин Магнитскийге каршы иш козгоого буйрутма берген, ал эми улук тергөөчү Андрей Стрижов Магнитскийдин өлүмү тууралуу маалыматтарды жаап-жашырган деп айтылууда. Булардан тышкары Чеченстандын эки аткаминери да “кара тизмеге” кирди.

Орусияда СИЗОдо жатып өлгөн адвокат Сергей Магнитский орус аткаминерлердин көмөгү менен Орусиянын мамказынасынан 230 млн. долларды уурдалганын, андан кийин бул акчанын бир бөлүгүнө Prevezon Holdings компаниясы аркылуу Манхеттендеги эң кымбат, кооз имараттар сатылып алынганын билдирген эле. Анын өлүмүнөн кийин, 2012-жылы АКШ бир катар орусиялыктарга карата экономикалык санкция киргизип, алардын Америкага кирүүсүнө тыюу салган мыйзам кабыл алган.

XS
SM
MD
LG