Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Алексей Навальный үч жарым жылга шарттуу кесилди


Ага-ини Навальный Москвада сотто, 30-декабрь, 2014-жыл
Ага-ини Навальный Москвада сотто, 30-декабрь, 2014-жыл

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный мыйзамсыз жолдор менен акча уурдаган деп, үч жарым жылга шарттуу кесилди. Бирок сот анын бир тууганы Олег Навальныйды үч жарым жылга абакка кести. Москванын Замоскворецкий райондук соту ага-ини Навальныйды эки компаниядан 31 млн. рубль (520 миң доллар) уурдаган деп тапты.

Сот 29-декабрда өкүм 15-январда угузулат деп жарыялаган болчу. Өкүм 30-декабрда эртең менен саат 9да окуларын сот кат жүзүндө эмес телефон аркылуу бир аз мурда эскерткенин Навальныйдын адвокаты Вадим Кобзев “Дождь” ТВсына 29-декабрда берген интервьюда айтты. Анын пикиринде, өкүмдү 15-январга мерчемделген нааразылык акциясынан качып эрте жарыялашууда. "Өкүмдү 30-декабрда жарыялаган себебин баарыбыз жакшы түшүнөбүз. 15-январда көп адамдар тилектештик акциясын өткөрүүнү мерчемдеп жаткан", - деди Навальныйдын адвокаты Вадим Кобзев.

Оппозиция ага-ини Навальныйлар президент Путиндин душмандарына каршы согушта “барымтага алынды” деп бийликти сындашты.

XS
SM
MD
LG