Оппозициячыл орус саясатчысы Алексей Навальный мыйзамсыз жолдор менен акча уурдаган деп, үч жарым жылга шарттуу, бир тууганы Олег Навальный үч жарым жылга абакка кесилди. Москванын Замоскворецкий райондук соту ага-ини Навальныйды эки компаниядан 31 млн. рубль (520 миң доллар) уурдаган, акчанын айрым бөлүгүн “адалдаштырган” деп тапты. Ошондой эле чыгым келтирилген “Ив Роше” компаниясына 4,4 миллион рубль (70 000 АКШ доллары) компенсация төлөөгө милдеттендирди.
Кремлдин элдешкис сындоочусу Навальный өкүм угузулгандан кийин орусиялыктарды Путин башындагы бийликке каршы жүрүшкө чакырды: "Бул бийлик жашоого укуктуу эмес. Ал жок кылынышы керек. Мен бейкүнөө адамдарды кыйнап жаткан бийлик кулатылмайынча, ар бириңерди көчөгө чыгууга үндөйм", - деди ал.
Москва өкмөтү жарандардын протестке чыкпоосун сурады. “Мыйзамга ылайык, бардык уруксатсыз демонстрациялар тартип сактоо органдары тарабынан токтотулат” деп эскертти Москва шаардык коопсуздук департаментинин башчысы Алексей Майоров Интерфакс агенттигине.
Навальныйды колдоп, 30-декабрда кечинде Кремлдин ныптасындагы Манежный сейил багында болчу митингге катышаарын интернеттеги Фейсбук социалдык түйүнү аркылуу 18 миңдей адам билдирди.