Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Кремль: Санкцияны кеңейтүү АКШ менен кызматташууга зыян этиши этимал


Магницкий акты боюнча Орусияга каршы санкцияны кеңейтүү Ирандын ядролук программасы, Сириядагы чатак жана башка эл аралык маселелер боюнча Москва-Вашингтон кызматташуусуна залал этиши мүмкүн. Бул жөнүндө Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 30-декабрда эскертти. Бир күн илгери Мамдепартамент Магницкий ишине байланыштуу адам укугун бузду делип саналган төрт адамды, анын ичинде милициянын эки мартабалуу кызматкерин “кара тизмеге” киргизген. Адвокат Сергей Магницкий 2009-жылы абакта жан берген. Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, жаңы санкциялар “саясий негизден улам киргизилди” деп, “Орусияга кысым көрсөтүү ыкмасы иштебеси” белгиленет.

Орусия Сирия өкмөтүн колдойт жана Ирандын ядролук программасы боюнча АКШ плюс төрт өлкө кирген сүйлөшүүдө өнөктөш.

XS
SM
MD
LG