Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:33

Өзбекстанда кырсыкка себепчи полициячы 6 айдан кийин камактан чыкты


Апрель айында рулда баратып, бир үй-бүлөнү автоунаасы менен коюп кеткен полициячы, 22 жаштагы Бахтиер Толиповду сот жети жылга эркинен ажыраткан. Ал коюп кеткен үч кишинин экөө 33 жаштагы эркек менен беш жаштагы кыз ошол жерден жан берген, ал эми кош бойлуу аял катуу жаракат алган. Ошол убактагы маалыматтарда рулдагы полициячы мас абалда болгону кабарланган.

Ferghananews.com агенттиги маалымдагандай, полициячы эркиндикке качан чыкканы белгисиз. Жергиликтүү соттун билдиришинче, ал ноябрь айындагы мунапыска байланыштуу жазадан бошотулган.

XS
SM
MD
LG