Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Алексей Навальный соттун өкүмүнө каршы доо арыз берди


30-декабрда Москвадагы райондук сот анын өзүн 3,5 жылга шарттуу жана бир тууганы Олегди 3,5 жылга абакка кескен. Сот бир туугандарды эки компаниядан 31 млн. рубль (520 миң доллар) уурдаган, акчанын айрым бөлүгүн “адалдаштырган” деп тапты. Жана “Ив Роше” компаниясына 4,4 миллион рубль (70 000 АКШ доллары) компенсация төлөөгө милдеттендирген.

Адвокат Вадим Кобзевдин билдиришинче, оппозициячыл саясатчы, Кремлдин элдешкис сынчысы Алексей Навальный аны үй камагына отургузууну “мыйзамсыз жана негизсиз” деп эсептейт. 30-декабрда Москвада Кызыл аянттын ныптасындагы Манеж аянтчасында Навальныйдын өкүмүнө каршы чогулган демонстранттарды полиция кууп таркатты. Маалыматтар боюнча 170- 250 чакты адам кармалды.

XS
SM
MD
LG