Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:02

Йеменде жанкечтинин бомба чабуулунан ондогон адамдар набыт болду


Жанкечти бомбаны өлкө ортолугундагы Ибб шаарындагы маданий борбордо шииттер Мухаммед пайгамбардын туулган күнүн майрамдоо салтанаты кезде жардырган. Ройтерс агенттигинин медиктерге жана шаар элине шилтеп кабарлашынча, жанкечти кеминде 33 адамдын өмүрүн жайран кылган. Өлгөндөрдүн арасында аялдар жана балдар да бар. Калкынын көбүн сунни мусулмандары түзгөн Ибб шаары азыр шиит козголоңчулардын “ал-Хуси” кыймылынын колунда. Алар сентябрда Йемендин борбору Санаа шаарынын көпчүлүк бөлүгүн басып алган. Ошондон тарта “алхусичилер” “ал-Каиданын” согушчандарынын бутасына айланган.

2011-жылы президент Али Абдулла Салех күч менен бийликтен кулатылгандан бери Йемен коогалаңдын кучагында.

XS
SM
MD
LG