Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:01

Мушаррафка кол салууга катышкан адам дарга асылды


Пакистандын мурдагы аскерий башкаруучусу Первез Мушаррафка 2003-жылы кол салууга аракет кылган жаран 31-декабрда дарга асылды. Пешавар шаарынын борбордук түрмөсүндө дарга асылган 40 жаштагы Наиз Мухаммеддин жасаты бүгүн эле туугандарына берилгени расмий маалымдалды. Пакистан өкмөтү өлүм жазасына тыюу салган 2008-жылкы мораторийди 16-декабрда Пешавардагы мектепке талип согушчандары жасаган чабуулдан кийин токтоткон. Кол салуудан 14 окуучу жана мектептин сегиз кызматкери өлгөн. Мораторий токтотулгандан бери Нияз Мохаммедди кошкондо жети адам жогорку жазага тартылды. Алардын алтоосу 2003-жылы Равалпинди шаарында генерал Мушаррафка каршы пландалып, бирок ишке толук ашпай калган чабуулдун катышуучулары деп соттолгондор.

Эл аралык адам укугун коргоочу уюмдар Пакистан бийлигинин келерки жумаларда дагы 500дөй айыпкерди дарга асуу планын сындашкан.

XS
SM
MD
LG