Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Атамбаев: 2014-жыл жеңил болгон жок


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

Президенттин куттуктоосунда Жаңы жыл адамзаттын эң байыркы майрамдарынын бири экендиги, азыркы күндө да байыркы замандагыдай адам баласы Жаңы жылды үмүт менен, жакшы тилек менен тосору айтылат.

«Жаңы жыл майрамы - адамзаттын, жашоонун, өчпөс үмүттүн майрамы. Ошондуктан, баарыбыз үчүн бул эң сүйүктүү майрамдардын бири», - деди президент.

"Өтүп бараткан 2014-жыл жеңил болгон жок. Бирок ал ийгиликтерге мээнет кылуу менен жетсе болорун көрсөттү" деген Атамбаев өлкөдө тынчтык жана ынтымак, туруктуулук болсо, Кыргызстан башкача мамлекетке айланарын айтып, өлкө бутуна ишенимдүү туруп келе жатат деген оюн билдирди.

Куттуктоосунун акырында Алмазбек Атамбаев эл-журтка жакшылык каалап, бата кылды:

"Урматтуу мекендештер! Эски жылды “рахмат” деп узатып, Жаңы жылды үмүт менен тосуп жатканда, мен сиздерге ата-бабаларыбыздан калган байыркы сөздү айткым келет:

Телегейиңер тегиз болсун,
Тубар малыңар эгиз болсун!
Башыңардан бак кетпесин,
Душмандардын каргышы жетпесин!
Корооңор кыктуу болсун,
Коңшуңар ыктуу болсун!

Үйүңөр керегелүү болсун,
Дасторконуңар берекелүү болсун!

Уулуңар күчтүү болсун,
Уюңар сүттүү болсун!

Кыз-келин эптүү болсун,
Неберелер кептүү болсун!

Өрүшүңөр жайык болсун,
Өмүрүңөр узак болсун!

Кудай тилегибизди кабыл кылсын.
Жараткан элибизге ынтымак,
Жерибизге берекет берсин!
Жаңы жылыңыздар куттуу болсун!"

XS
SM
MD
LG