Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Орусияда мигранттарга патент системасы кирди


Орусия Федерациясына барган мигранттар 2015-жылдын 1-январынан тарта патент алып, ишке орношот. Бул тууралуу КМШга мүчө мамлекеттердин элчилеринин жолугушуусунда айтылган. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына ылайык, патенттин баасы ар аймакта ар башка суммада. Маселен, Москва шаарында жана Москва облусунда 4 миң рублдин тегерегинде болору болжолдонгон.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги патент системасын киргизүү менен кошо эмгек мигранты чек ара кагазын толтурууда “Орусияга келүү максатын” “иштөө” деп жазып, көрсөтүүгө тийиштигин жана 30 күндүк мөөнөт ичинде Федералдык миграция кызматына патент берүү арызы менен кайрылууга милдеттүү экенин эскертүүдө. Эгерде миграциялык картасында “Орусияга келүү максаты” башкача жазылып турса, анда ал мигрантка патент берилбейт. (TSh)

XS
SM
MD
LG