Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Жаңы жыл түнү өлкөдө оор кылмыштар катталган жок


Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун билдиргенине караганда, Жаңы жыл түнү өлкөдө кырдаал тынч болду. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 283 ар кандай кылмыштар жана окуялар катталып, алардын 237синин бети ачылган. Катталган кылмыштардын көбү мал уурулук, мушташуу, денесине залал келтирүү сыяктуу мыйзам бузуулар болгон. Оор кылмыштар катталган жок.

Ошондой эле республика боюнча 22 жол кырсыгы катталып, 36 киши денелеринен ар кандай жаракаттарды алышкан.

Бишкек жана Ош шаарларында борбордук аянттарга Жаңы жылды белгилөө үчүн түнкү саат 4кө чейин адамдар жүрүштү. Бишкек шаарында 5 миңге жакын, Ош шаарында 10 миңге жакын адам борбордук аянттарда майрамдашты.

Майрамдык кечелер учурунда милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөп турушту. Жалпы өлкө боюнча ашынган тартип бузуулар, оор кылмыштар катталган жок. (ECh)

XS
SM
MD
LG