Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту иликтеген журналисттер тобу орус президенти Владимир Путинди жемкордукту колдоо жаатында “Жыл адамы” деп аныктады. Бул топтун баш кеңсеси Сараеводо жайгашкан. Алар мындай антисыйлыкты 2006-жылдан бери тапшырып келет. Уюштуруучулардын айтымында, орус президенти жыл сайын бул сыйлыктын финалына чыгат.
“Путин Орусияны мыйзамсыз акчаны адалдоо борборуна айлантканы жана кылмыштуу топтордун жардамы менен Крымды өз өлкөсүнүн аймагына кошуп алганы үчүн бул сыйлыкка татыды” деп билдирди уюштуруучулар.
Быйыл бул антисыйлыктын талапкерлери катары Путинден башка Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана Черногориянын өкмөт башчысы Мило Жуканович аныкталган.