Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:33

Франция Украинада тынчтык орносо гана Орусияга “Мистраль” кемесин берет


Франция Украинанын чыгышындагы тынчтык планы ишке ашып, кан төгүү токтосо гана Орусияга “Мистраль” аскер кемесин берет. Бүгүн Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан радиодо сүйлөп жатып, Украинанын чыгышында тынчтык орнотуу боюнча аракеттер жүрүп жатканын, бирок ал толук ишке ашмайынча бул багытта чечим кабыл алынбай турганын билдирди.

Франция Орусия менен аскерий 4 кеме сатуу жөнүндө келишимге 2011-жылдын башында жетишкен. Келишимдин суммасы 1 млрд. 600 млн. долларды түзөт. Бирок былтыр жаздагы Украинанын чыгышындагы окуялардан соң Франция бул кемени бербей турууну чечкен.

Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Рогозин бул боюнча Париждин позициясын сындап, “бул чечим Франциянын геосаясий алсыздыгын көрсөтүүдө" деп билдирген.

“Мистрал” классындагы кеме 16 тик учакты ташууга кудуреттүү, анын үстүнө десанттык 4 жеңил кеме, 13 согуштук танк, 100гө чукул машине жана 450 аскерди жайгаштырса болот.

XS
SM
MD
LG