Малайзиялык AirAsia компаниясынын учагы кыйраган Яван деңизине жакын жерден тогуз адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу "Ассошэйтед пресс" маалымат агенттиги жазып чыкты.
Буга чейин жети адамдын сөөгү табылганы кабарланган. Алардын арасында учак экипажынын мүчөсү да бар экени айтылууда.
Малайзиядагы AirAsia авикомпаниясынын Индонезиядагы бөлүмүнө караштуу Airbus 320-200 учагы бортундагы 162 кишиси менен 28-декабрда жоголгон.
Индонезиядан Сингапурга бараткан учактын учкучтары байланышка акыркы ирет чыккан кезде аба ырайынын начардыгынан улам бийиктикке болушунча көтөрүлгөнүн маалымдашкан.