Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:27

Евразия экономикалык биримдиги тууралуу келишим күчүнө кирди


1-январдан тартып Евразия экономикалык биримдиги тууралуу келишим күчүнө кирди. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди. Келишим биримдиктин алкагында товар жүгүртүү, кызмат көрсөтүү, акча жана эмгек күчү эркин болушун камсыздап, экономика тармагында макулдашылган жалпы саясат болуусун бекемдейт. Евразия экономикалык биримдигин түзүү тууралуу келишимге 2014-жылы 29-майда Орусия, Казакстан жана Беларус кол койгон, кийинчерээк Армения кошулду. 23-декабрда биримдикке президент Алмазбек Атамбаев кол койгондон кийин Кыргызстан да кошулду.

Евразия экономикалык биримдиги аймактык экономикалык интеграция уюму болуп саналат. Ал өзүнө мүчө мамлекеттердин экономикасын туруктуу өнүктүрүүгө шарт түзүү менен бул мамлекеттердин элинин жашоо деңгээлин көтөрүүнү максат кылат.

Кыргызстан 23-декабрда Москвада Бажы биримдигине кабыл алынды. Келишимге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларус жана Армения президенттери кол койгон. Эми Бишкек Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болушу үчүн уюмга мүчө өлкөлөрдүн парламенттери кол коюлган келишимди ратификациялашы керек. Ал 9-майга чейин ишке ашуусу керектигин президент Алмазбек Атамбаев Москвадагы маалымат жыйынында билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG