Орусия 1-январдан тарта Калининград эксклавына кирүүдө берилүүчү жеңилдетилген виза программасын токтотту. 2002-жылы ишке кирген программа боюнча Жапония, Британия жана Шенген келишимине кол койгон Европа өлкөлөрүнүн жарандары Калининграддын аэропортунан жана шаарга кире бериштеги чек ара түйүндөрүнөн виза ала алышчу. Жергиликтүү аткаминерлердин айтымында, жыл сайын миңден ашуун виза берилчү жана бул көрсөткүч акыркы жылдары өсүп бараткан.
2013-жылы Калининградга жалпысынан 500 миңден ашуун чет өлкөлүк жаран кирген. Аталган облус Орусиянын Балтика жээгиндеги эксклавы болуп саналат. Аймак Евробиримдиктин мүчөлөрү Польша менен Литванын ортосунда.