Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Садыр Жапаровдун китеби жарыкка чыкты


Экс-депутат Садыр Жапаровдун «Саясатка аралашкан 10 жыл» аттуу китеби жарык көрдү. Ага автордун коомдук-саясий турмушка активдүү аралашкан он жыл ичиндеги башынан өткөргөн окуялары сүрөттөлөт.

"Китепке баарын ачык жаздым" деген Жапаров өзү депутат болуп келген “Ата-Журт” партиясы шайлоодо кантип жеңгенин, кайдан каржыланганын, депутаттык орундар, мамлекеттик жогорку кызматтар кантип бөлүштүрүлүп, саясий соодалашуу кантип жүргөнүн, өнөктөштөрүнөн кантип көңүлү калганын баяндайт. Китепте бийлик башындагы айрым адамдардын кыял-жоруктары камтылган.

Китептин башка бир бөлүгүндө Кумтөр маселеси баяндалып, Жапаров “Кумтөр” боюнча депутаттык комиссия менен текшере баштаганда ага 100 млн. доллар пара сунушталганын жазып келип, “Кумтөрдөн” кантип акча жасаларын баяндайт. Ошондой эле Түркияга аэропорт аркылуу 3 тонна алтын чыгарылып кеткенин жазат.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Ош окуясы, Кумтөр, парламенттик коалиция боюнча позициясы сынга алынган.

Китептин аягында бийликтин кысымынан улам чет өлкөгө чыгып кетүүнү туура тапканын белгилейт:

“Ошентип, үй-бүлөмдү алып, чет өлкөгө убактылуу чыгып кетүү чечимин кабыл алдым. Учурдан пайдаланып, жылуу кабыл алгандары үчүн өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн атынан Евробиримдикке, анын ичинде Польша мамлекетине терең ыраазычылык билдирип кетмекчимин”, деп жыйынтыктайт автор.

Садыр Жапаров 2006-жылы түзүлгөн “Ата-Журт” партиясынын түптөөчүлөрүнүн бири. Ага партиялаштары Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов менен бирге мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып тагылып, 2012-жылы камалган. 2013-жылы мандатынан ажыраган. (МТо)

XS
SM
MD
LG