Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

AirAsia учагы кыйраган жерден дагы жети адамдын сөөгү табылды


Малайзиялык AirAsia компаниясынын учагы кыйраган Яван деңизинде дагы жети адамдын сөөгү табылды. Муну менен жалпысынан 17 адамдын сөөгү табылды. Учактагы 145 адам дайынсыз болууда. Кыйраган учактын “кара кутусун” издөө уланууда. Ага Малайзия, Индонезия жана АКШнын кемелери катышып жатат. Буга чейин учак кыйраган жерге француз эксперттердин да жөнөтүлгөнү айтылган эле.

Издөө иштерин жүргүзүүгө деңиздеги күчтүү шамал тоскоол болууда.

Индонезиядан Сингапурга бараткан А-320-200 үлгүсүндөгү Малайзиядагы AirAsia авикомпаниясына таандык учак 28-декабрда жоголгон. Учкучтар байланышка акыркы ирет чыккан кезде татаал аба ырайынан улам бийиктикке болушунча көтөрүлгөнүн маалымдашкан. Учакта жалпысынан 162 адам болгон.

XS
SM
MD
LG