Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:11

ИИМ бала сатып алуу тууралуу чыккан жарыяны иликтеди


Кыргыз тилдүү “Тамчы” гезитиндеги “Бир жарым жашка чейинки кыз бала сатып алам” деген жарыя боюнча Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы териштирүү жүргүздү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, гезитте көрсөтүлгөн телефон номур аркылуу жарыя берген адамды табышкан. Жарыя берген 17 жаштагы кыз болгон, ал “сатып алам” эмес, “багып алам” деп бергенин айткан. Аталган гезиттин редакциясы да жарыя берүүдө ката кетип калгандыгын маалымдаган. Учурда иш тергелип бүтүп, юридикалык жактан баа берүүгө жөнөтүлдү. Жарыя боюнча кылмыш иши козголгон жок.

Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев буга чейин гезиттеги “сатып алам” же “багып алам” деген жарнамалар мыйзамсыз экенин эскертип, бул нерсеге тийиштүү органдар чара көрүшү керек экенин “Азаттыкка” билдирген.

Бала асыроо мыйзамына ылайык, наристени багып алуунун өз шарттары, жол-жобосу бар. Адистер Кыргызстанда мыйзамдуу бала багып алуунун шарты татаал болгондуктан, балдарды көмүскө саткан же сатып алган учурлар көп кезигерин айтып келишет. (TSh)

XS
SM
MD
LG