Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

Кырсыкка кабылган учактагы 30 адамдын сөөгү табылды


Малайзиялык AirAsia компаниясынын учагы кыйраган жерде табылган сөөктөрдүн саны 30га жетти. Учактагы 132 адам дайынсыз болууда. Кыйраган учактын “кара кутусу” изделип жатат. Ага Малайзия, Индонезия жана АКШнын кемелери катышууда. Издөө иштерин жүргүзүүгө деңиздеги күчтүү шамал тоскоол болуп, жума күнү кечке маал убактылуу токтотулганы кабарланууда.

Индонезиядан Сингапурга бараткан А-320-200 үлгүсүндөгү Малайзиядагы AirAsia авикомпаниясына таандык учак 28-декабрда жоголгон. Учакта жалпысынан 162 адам болгон.

XS
SM
MD
LG