Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Бишкектин башкы планына дал келбеген объекттер сүрдүрүлөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов билдирди.

“Баш планга туура келбеген курулуштар сөзсүз сүрдүрүлөт. Бирок мыйзамсыз делген курулуштарга барсак эле 2005, 2007, 2008-жылдардагы уруксат берген чечимдери колдорунда бар экен. Эми соттошобуз. Жакында соттошуп, шаардын түштүк-батыш жагынан түрк компаниясынан 25 гектарды кайтарып алдык”, деди Кулматов.

Коомдук активисттер Бишкек шаарынын башкы планын жашыруун кармоо менен тиешелүү аткаминерлер коррупциялык иштерди жасап, жерлерди мыйзамсыз сатууда деп сындап келишкен. Бийликтегилер болсо шаардагы айрым стратегиялык түйүндөрдүн дареги шардана болуп калат деп, башкы планды ачыкка чыгаруудан баш тартып келишкен. Жакында ал стратегиялык түйүндөр картадан өчүрүлгөндөн кийин, башкы план ачыкка чыгарылды. (МТо)

XS
SM
MD
LG