Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Аба ырайы: чукул билдирүү


2015-жылдын 3-январынан 6-январына чейин жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Бишкек-Талас, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Каракол-Эңилчек, Казарман-Акталчат унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Уналардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эртең, 4-январда жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -4…-9, күндүзү 1…6;

Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүзү 0…5;

Баткенде түнкүсүн -1…-6, күндүзү 1…6;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүзү 2…7;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүзү 0…5;

Нарында түнкүсүн -20…-25, күндүзү -10…-15;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -22…-27, күндүзү -6…-11

4-январда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүзү 3…5 градус.

XS
SM
MD
LG