Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Түштүк Африкада кериктер кырылып баратат


Ага карабастан браконьерлер Африка континентиндеги ири жаныбарларды кыргынга учуратууну токтото элек. Алар кериктин мүйүзүн жана пилдин сөөгүн Азия өлкөлөрүнө сатуу максатын көздөйт. Азияда ал товарларды элдик медицинада колдонушат жана жылдан жылга талап өсүүдө.

Өкмөттүн маалыматына караганда, 2014-жылдын баш ченинен ноябрь айына чейин Түштүк Африкада 1020 керик өлтүрүлгөн. Андан кийин жыл аягына чейин канчоо өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат жок, бирок эксперттер жыл аягына чейин өлтүрүлгөн кериктин саны 1200гө жетип калат деп болжошууда.

Мурунку жылы 1004, 2010-жылы – 333 керик соода-сатык максатында өлтүрүлгөн.

Түштүк Африка Республикасында 20 миң чамалуу керик бар экени эсептелген. Бул дүйнөдөгү кериктердин 90% түзөт. Ошого карабастан ТАР керикке, пилге жана башка жаныбарларга аңчылык кылууга лицензия берүүнү токтоткон жок.

XS
SM
MD
LG