Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Аэропорттогу каракчылыкты уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалык тергейт


Ош шаарынын аэропортундагы 5,6 млн. долларды карактоо боюнча иш ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Учурда тергөө-иликтөө иштери жүрүүдө.

Мурда кабарлангандай, белгисиз беш киши аэропорттон акча менен кошо уурдаган ишкерди Ош облусунун Араван районунан таштап салышкан.

Алдына ала маалыматтарга караганда, уурдалган Руслан аттуу ишкер “Асман тур” компаниясынын жетекчиси. Бул ишкана Кытайдан товар ташуу менен алектенет.

27-декабрда беткапчан, кара кийимчен беш куралчан адам Ош аба майданынын VIP залына кирип, атайын операция жүрүп жатканын айтып, элди полго жатууга мажбурлашкан. Андан соң үч-төрт баштыкты жана бир адамды өздөрү менен кошо алып кетишкен. Белгисиз адамдардын колунда Калашников автоматы, Макаров тапанчасы жана видео камералары болгон.

Ош шаардык милициясы беткапсыз жүргөн каракчылардын биринин фотороботун тартып издөө жарыялаган. (МТо)

XS
SM
MD
LG