Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:33

Балдар үйлөрүнө жаңы жылдык белектерди жеткирүү уланууда


“Жетим балдардын укугун коргоо” коомдук фонду бүгүн Ош, Жалал-Абад шаарларындагы балдар үйлөрүнүн жана Токтогул шаарчасындагы менчик балдар үйүнүн тарбиялануучуларына жаңы жылдык белектерди тапшырмакчы. Кооз оюнчук, таттуу момпосуйлар менен кошо аларга жылуу кийим-кечектер, тамак-аш жана гигиеналык каражаттар да берилет. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фонддун төрагасы Игорь Беляев маалымдады. Анын айтуусунда, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары ар дайым кайрымдуулукка муктаж.

“Жетим балдардын укугун коргоо” коомдук фонду тарабынан түрдүү белектер жана тамак-аш жаңы жылдын алдында Бишкектеги, Караколдогу, Токмоктогу жана Кара-Балта шаарындагы балдар үйлөрүнө жеткирилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG