Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын басма сөз кызматынын өкүлү Рысбек Арунов билдирди. Учурда газ берүү коопсуздук чаралардан улам дыкат текшерилгенден кийин гана берилүүдө, себеби айрым батирлерде газ ачык бойдон калышы мүмкүн деген чочулоолор бар. Газды шаардын ар бир колдонуучусуна жеткирүүгө көп батирлердин ээлери майрамды өткөрүү үчүн айылга кеткени тоскоол болууда.
Ош шаары жана Кара-Суу районунда жалпысынан 60 миң газ колдонуучу бар.
“Кыргызгаз” ишканасы Орусиялык “Газпром” компаниясына сатылгандан кийин келишим бүттү деген шылтоо менен Өзбекстан былтыр 14-апрелде Ошко газ берүүнү токтоткон. Газ берүү 2014-жылдын 30-декабрында кайрадан жанданган. (TSh)