Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:13

Таласта төө буурчактын баасы былтыркыдан ылдый болууда


Учурда Таласта бир килограмм төө буурчактын баасы 40 сомдон 50 сомго чейин болуп жатат. Бул тууралуу Таластагы төө буурчак кабыл алуучу "Рейба" заводунун өкүлү Урмат Атагелдиев “Азаттыкка” маалымдады. Ал төө буурчак баасы эми көтөрүлүшү күтүлүп жатканын айтты. Бирок түшүмдүн начардыгынан төө буурчак өткөрүү дагы жылдагыдан азыраак болуп жатканын кошумчалады.

Таласта дыйкандар төө буурчак баасынын былтыркыдан арзан болуп жатканына нааразы болушууда. Былтыр төө буурчактын алды 120 сомдон бааланса, быйыл 60 сомдун тегерегинде гана сатылууда. Бул маселе күз айларында парламентте да талкууланган. Эл өкүлдөрү өкмөттүн Таластагы төө буурчактын баасын жогорулатып берем деген убадасы аткарылбай жатканын айтышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG