Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

Кыргызстанга Канада тарап өз сунуштарын 15-20-январда жөнөтөт


Бул тууралуу "Азаттыкка" “Кыргызалтын” ишканасынын башчысы Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, канадалыктар менен болгон сүйлөшүүлөрдө эки тарап бири-биринин сунуштарын иликтеп жатышат.

“Центерра Голд" компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы үч күндүк сүйлөшүүлөр 2014-жылдын 19-декабрында аяктаган. Сүйлөшүү DLA Piper эл аралык укуктук компаниясынын Москвадагы кеңсесинде телекөпүрө форматында өткөн.

Жогорку Кеңеш 2014-жылдын башында Кумтөр боюнча үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү келишимин жактырган. Кыргыз өкмөтү биргелешкен ишкана декабрда түзүлөт деп убада кылган. Кийинчерээк анын мөөнөтүн 1-мартка чейин узартууну парламенттен суранган. (TSh)

XS
SM
MD
LG