Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Берлинде Украинадагы абал боюнча сүйлөшүү башталды


Украина чыгышында тынчтык орнотуу боюнча кезектеги сүйлөшүү Берлинде башталды. Ага Украина, Орусия, Германия жана Франциянын Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү катышууда. Бул жолугушуу 15-январга белгиленген төрт өлкөнүн жетекчилери катышчу сүйлөшүүгө даярдык катары кабыл алынууда.

Бул жыйында Украинанын чыгышындагы ок атууну токтотуу жана абалды жөнгө салуу боюнча ар бир тарап өз планын сунуштай турганы кабарланган.

Бирок Германия менен Франциянын өкүлдөрү Астанада өтөт делген жолугушуу тууралуу так кабары жок экенин билдирди. Германиянын канцлери Ангела Меркелдин маалымат катчысы Штеффан Зайберт качан өтөөрү тууралуу маалыматы жоктугун ачыкка чыгарды. Зайберт журналисттерге сүйлөп жатып, мындай жолушуу Украинадагы ок атууну токтотуу боюнча макулдашуу аткарылса гана мааниге ээ болорун кошумчалады.

Ал эми Франциянын президенти Франсуа Олланд жергиликтүү радиодогу маегинде сүйлөшүүдө өнүгүү болсо гана Астанага барарын билдирди.

Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр буга чейин эки ирет Минскте өткөн. Анда ок атышууну токтотуу, туткунга түшкөндөрдү алмашуу макулдашылган. Бирок ал макулдашуулар аткарылбай эле андан берки атышуулардан БУУнун эсептөөлөрү боюнча 1300дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG