Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Ооган президенти Колдоо миссиясынын мөөнөтүн карап чыгууну өтүндү


Ооган президенти Ашраф Гани АКШдан 2016-жылга чейин Ооганстанда кала турган колдоо миссиясынын мөөнөтүн карап чыгууну өтүндү. Буга дүйшөмбүдө Ооганстандын борбору Кабылда болгон жардыруу түрткү бергендей. 5-январда Кабылда Евробиримдиктин полиция миссиясынын унаасына жасалган чабуулдан бир адам мерт кетти. Анда автоунаага коюлган бомба жарылган. Жардыруу учурунда көчөдөн өтүп бараткан адам набыт кетип, алты адам жараат алды.

Бул жардыруу үчүн жоопкерчиликти талиптер өзүнө алды. Алар бул тууралуу "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Кабылдагы бул жардыруу антитеррордук альянстын аскерлери Ооганстандагы миссиясын аяктап, 1-январдан тартып коопсуздук жоопкерчилигин ооган куралдуу күчтөрүнө өткөрүп бергенден кийин болуп отурат. Ушундан улам акыркы учурда ооган аскерлери өлкөдөгү коопсуздукту толук сактай алабы деген чочулоолор айтылып жатат.

XS
SM
MD
LG