Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:58

Айрым Байкоочу кеңештерине сынак 20-январга чейин узартылды


Байкоочу кеңештерге мүчөлөрдү тандоо комиссиясы Мамлекеттик салык кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын жана Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин Байкоочу кеңештерине мүчөлүккө документтерди кабыл алууну 20-январга чейин узартты.

Аталган Байкоочу кеңештерге мүчөлүккө илимий, ишкерлик, адистик чөйрөдөн, кесиптик жана тармактык кошуундардын мүчөлөрү, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катыша алышат. Бир уюмдан бир гана киши бир Байкоочу кеңешке тандала алат, бир жаран бир убакта бир нече кеңешке талапкер боло албайт.

Мамлекеттик органдардын Байкоочу кеңештерин түзүү демилгеси 2010-жылы президент Роза Отунбаева тарабынан көтөрүлүп, ишке ашкан. Айрым пикирлер боюнча Байкоочу кеңештер максатына жеткен жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG