Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Газдын баасы 24 тыйынга кымбаттады

Жараталыш газынын калк үчүн баасы январь айында 1 кубометр үчүн 13 сом 78 тыйынды түздү. Бул өткөн айдагыга салыштырмалуу 24 тыйынга көп. Ал эми коммерциялык мекемелер жана бюджеттик ишканалар үчүн көгүлтүр оттун 1 кубометри 16 сом 57 тыйын турат.

“Газпром Кыргызстан” компаниясынын маалымат кызматынан билдиришкендей, кымбаттоо АКШ долларынын курсу өскөнүнө байланыштуу болду. Маалыматта айтылгандай, 1-январга карата 1 доллар 58 сом 89 тыйын болду, бул бир ай мурунку баадан 1 сом 30 тыйынга кымбат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG