Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:41

Жөлөк пул алгандардын саны 29 миңге кыскарды


Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, акыркы бир жылда жөлөк пул алуу үчүн арыз жазгандардын саны кыйла азайган.

- Биз жөлөк пул алгандардын санын мажбурлап азайткан жокпуз. Кайрылгандардын саны өзүнөн-өзү кыскарды. Жыл башында жөлөк пул алгандардын саны 336 миң болсо, жыл соңунда 307 миңге кыскарды,- деди Базарбаев.

Өлкө боюнча учурда 307 миң жаранга жөлөк пул берилет. Мамлекет тарабынан социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөрдөгү ар бир балага кепилденген жардамдын суммасы 700 сомду түзөт. Мурда үйүндө түстүү телевизору, муздаткычы барларга жөлөк пул берилбей келсе, эми болсо үлүш жери, автоунаасы, мал жандыгы барларга чегерилбейт. (UEz)

XS
SM
MD
LG