Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

Иорданиянын ханзаадасы ФИФАнын президенттигине талапкерлигин коет


Буга чейин Эл аралык футбол федерациясынын вице-президенти кызматын аркалап келген Иорданиянын ханзаадасы Али бин ал-Хусейн уюмдун президенттигине өз талапкерлигин койорун билдирди.

ФИФАнын президентин шайлоо быйылкы жылдын 29-майына белгиленген.

39 жаштагы Али бин ал-Хусейн бул оңой эмес чечимди ФИФАдагы абройлуу кесиптештери менен кеңешкен соң кабыл алганын билдирди. Анын айтымында, бул сүйлөшүүлөрдө федерацияга бир топ өзгөртүүлөрдүү киргизүү тууралуу сөз болгон.

ФИФАнын башчылыгына өз талапкерлигин коюу каалоосун 17 жылдан бери уюмду башкарып келген, азыркы президент, 79 жаштагы Йозеф Блаттер да билдирген.

Акыркы жылдары футбол федерациясы бир нече жолу коррупциялык жаңжалдарга кабылган.

Өткөн жылдын соңунда ФИФАнын этика боюнча иликтөөчүсү Майкл Гарсиа федерация жетекчилиги 2018-жана 2022-жылдардагы дүйнөлүк футбол чемпионаттары өтүүчү өлкөлөрдү тандоодогу алешемдиктер боюнча иликтөөсүн толук жарыялабай койгонуна байланыштуу кызматынан кеткен.

2018-жылы дүйнөлүк чемпионат Орусияда, 2022-жылы Катарда өтөт.

XS
SM
MD
LG