Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

БУУ: Сирияда өткөн жылы 160 окуучу набыт болду


Өткөн жылы Сириядагы мектептерге жасалган чабуулдардан 160 бала набыт кетип, 340тан ашыгы жарадар болду. Бул тууралуу шейшембиде Женевада өткөн жыйында БУУнун балдар кору –ЮНИСЕФтин башчысы Кристоф Бульерак билдирди.

Анын айтымында, учурда бул өлкөдөгү куралдуу жаңжалдан улам бир жарым миллионго жакын бала мектепке барбайт.

Бульерак 2014-жылы Сирияда кеминде 68 мектепке чабуул жасалганын, алардын айрымдары түз эле окуу жайларга багытталганы тууралуу маалыматтар бар экенин жарыялады.

БУУнун соңку маалыматтарына ылайык, Сириядагы жаңжалда жалпысынан сегиз миллионго жакын бала жабыркады. Эки миллионго жакыны качкындар лагеринде баш калкалоодо.

Сирияда 2011-жылы башталган согуш 200 миңден ашык адамдын өмүрүн алды, өлкө калкынын жарымынан көбү өз үй-жайларын таштап кетүүгө мажбур болушту.

XS
SM
MD
LG