Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

Султанов: ЕАЭБда Кыргызстанга жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат


Кыргызстанда инвестиция салуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү, мындан тышкары чет элдик өнөктөштөрдү кызыктыруучу багыттар арбын деди Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчиси Талант Султанов. Ал бул тууралуу кытай ишкерлери менен жолугушуу учурунда билдирди.

Талант Султанов Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү менен 180 млн. керектөөчүсү бар рынокко жол ачылганын белгилеп, бул кытай ишкерлери менен кызматташуунун да ыңгайлуу жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачарын белгиледи. Жолугушууда тараптар Улуу Жибек жолу алкагындагы экономикалык кызматташтыкты арбытууну талкуулашкан. Бул тууралуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту маалымдады.

Президент Алмазбек Атамбаев 23-декабрда Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык биримдигине кирүү тууралуу келишимге кол койду. Эми биримдикке мүчө мамлекеттердин парламенттери тарабынан келишим ратификацияланган соң, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болуп калат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG